АКШ 13 мамлекетке кайрадан виза бере баштайт. Алардын катарында Кыргызстан да бар

468512796

АКШнын Мамлекеттик департаменти 13 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүү боюнча чектөөлөрүн алып салды.  Чектөө алынган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы бар.

Мындай чараны буга чейин Дональд Трамптын администрациясы кабыл алган. Американын тышкы саясат боюнча мекемеси ошол тыюудан улам виза ала албай калгандардын көбү чечимди кайра карап чыгууну сураса, же документтерин кайрадан тапшырса болорун билдирди.

Жо Байден Доналд Трамп кабыл алган чечимди президенттикке киришери менен, быйыл 20-январда жокко чыгарган.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын айтымында, 2020-жылдын 20-январына чейин виза ала албай калгандар жаңы арыз менен кайрылууга тийиш. Ал эми ошол күнү жана андан кийин арызы четке кагылгандар эч кандай төлөмдөрсүз иштерин кайра карап чыгууну сурай алышат.

Тышкы мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын декабрынан сөз болгон жарлыктын алкагында АКШга кирүү укугунан 40 миңдей киши ажырап калган.

“Кара тизмеге” киргендердин көбү мусулман мамлекеттери болчу.