АКШ президенти Дональд Трамп бир катар уюмдардын кызматкерлерин кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Алардын катарында «Эркин Европа/Азаттык радиосу» жана «Америка үнү» медиакорпорацияларын көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) да бар.
Буга чейин Трамптын USAGM сыяктуу уюмдардын функцияларын кыскартуу тууралуу жарлыгынан кийин «Америка үнү» медиасынын кызматкерлери административдик өргүүгө жөнөтүлө баштаганы кабарланган.
Февралда АКШнын мамлекеттик башкаруу натыйжалуулугу департаментинин (DOGE) жетекчиси, ишкер Илон Маск «Эркин Европа/Азаттык радиосу» жана «Америка үнү» медиакорпорацияларын жабууга чакырган.