АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал соңуна чыкты деп эсептебейт

АКШнын мамлекеттик департаменти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал соңуна чыккан жок деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жонатан Хеникке шилтеме берүү менен ТАСС жазып чыкты.

Анын айтымында, Америка бийлиги кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алды. «Бирок биз кырдаал жөнгө салынды деп эсептебейбиз. Эл үйлөрүнө кайтып, куралдуу кагылышуу болгон аймакты калыбына келтирүү үчүн тынчтык жана туруктуулук керек», — деди Хеник.

Ошондой эле ал АКШ чек арадагы пикир келишпестикти түп-тамыры менен жок кылуу үчүн эки тарапка тең колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. «Биз Бишкек жана Дүйшөмбүдөгү элчиликтер аркылуу эки өлкөнүн жетекчилиги менен тең байланыштабыз. Алардын Вашингтондогу элчиликтери менен дагы сүйлөштүк. Мүмкүн болгон бардык аракеттер менен абалды жөнгө салуу зарыл», — деди ал.

Сөзүнүн аягында өкүл эки өлкөнүн лидерлерин жоопкерчиликти өз мойнуна алып, мындай окуялардын кайталанышына жол бербөөгө чакырды.