АКШ Бишкектеги 150 ооган студентинин окуу акысын төлөөгө даяр

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 18-августта АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтерди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири спектрин талкуулашкан.

«Министр Казакбаев казак тарап менен биргеликте Ооганстандан 15 кыргыз жаранын коопсуз түрдө эвакуациялагандыгы үчүн америка тарапка ыраазычылык билдирди. Кыргызстандын жарандарын үчүнчү өлкөгө чыгарып кеткендиги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирилди. Сирия менен Ирактан Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды жана аялдарды биргелешип эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн издөө маанилүү экендиги белгиленди«,- деп айтылат маалыматта.

Министр президент Садыр Жапаровдун Ооганстандын көп улуттуу элине зарыл болгон гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасы тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу Ооганстандык студенттерге Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 500гө чейин виза берүү, ошондой эле абал турукташып, аба кемелеринин коопсуздугуна байланыштуу керектүү азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жөнөтүү жөнүндө жарыяланды.

Америкалык тарап кыргыз тараптын ооган жарандарына студенттик виза берүү чечимин оң баалады жана АКШнын ушул этапта Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетинде 150гө чейин ооган студенттерин каржылоого даярдыгын жарыялады.

Кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун башка артыкчылыктуу багыттары өзүнчө талкууланды.