АКШ бийлиги грин-карт программасын токтотот. Буга Браун университетинде ок чыгарууга шектелип жаткан адамдын өлкөгө дал ушул программа аркылуу киргени себеп болгонун АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм билдирди.
“Президент Дональд Трамптын көрсөтмөсү боюнча мен дароо АКШнын иммиграция жана жарандык кызматына DV1 программасын токтотууну буйрук кылам. Мындан ары программадан улам америкалыктарга зыян тийбеши керек”, — деген ал.
Министрдин айтымында, Браун университетинде ок чыгарган жаран АКШга 2017-жылы грин-карт программасы аркылуу келген.












