АКШ Камчы Көлбаев тууралуу маалымат айткандарга 1 миллион долларлык сый акы берет

Бүгүн, 22-октябрда УКМК тарабынан дагы бир резонанс жараткан маалымат таратылды. Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев Бишкек шаарындагы спорт клубдарынын биринен кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилди. Кармоо учурунан тартылган сүрөттөр заматта социалдык тармактарга жайылып кетип, “кезектеги спектакль эмеспи?” деген сындуу пикирлерди жаратты.

Кийинчерээк “мыйзамдагы ууру” делген Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топту түзгөнү үчүн колго түшүрүлгөнү маалым болду. Бул боюнча материалдар реестрге каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

АКШ Көлбаевди дүйнөдөгү эң кооптуу наркобарондордун тизмесине кошкон. Бүгүн Кыргыз өлкөсүндөгү АКШнын элчилиги маалымат таратып, Кыргыз өкмөтү коомчулуктун коопсуздугунун кызыкчылыгында коркунучтуу криминал лидерин жазага тартып, түрмөгө отургузарына ишеним артарын билдирди. Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчы Көлбаевдин кылмыштуу торунун финансылык механизмдерин жоюу үчүн маалымат бергендерге 1 миллион долларлык сый акы сунуштады.

Өткөн аптада УКМКга төрага болуп дайындалган Камчыбек Ташиев маалымат жыйында “Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат” деген эле. Ташиевдин криминалдык топторго кайрылып жатып “Урматтуу бандиттер, колго түшүп бергиле! Силерге аз эле убакыт берилет. Мыйзамга ылайык жашагыла же мыйзам боюнча түрмөдө отургула, же биздин мамлекеттен чыгып кеткиле” деп кайрылганы да коомчулукта талкууга түшкөн.

Камчы Көлбаев 2012-жылы Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргыз мамлекетине учуп келери менен аэропорттон кармалып, «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы бошонгон.