АКШ Кыргыз бийлигинин Ирактан балдарды алып келүү ишин мактады

Америка Кошмо Штаттарынын өлкөдөгү элчилиги кыргыз бийлигинин Ирактан балдарды алып келүү аракетин мактап билдирүү таратты. Элчиликтин айтымында Ирактан келген балдар мекенине келип, эми  жакшы жашоодо өмүр сүрүүсүнө шарт түзүлдү.

«Кыргызстан өкмөтү Сириядан балдарды кайтарып, алардын коомго кайра кошулуусу, коопсуз жана тынч жашоого кайтуусу үчүн бардык чараларды көргөнү — мактоого татыктуу аракет. Биз балдарды мекенине кайтарууга аракет жасаган башка мамлекеттик органдардын ишин да колдойбуз. Эң көп Борбор Азия өлкөлөрү Сириядагы жана Ирактагы жарандарын мекенине кайтарды», — деп айтышты элчиликтен.

Ошондой эле АКШ Борбор Азиянын башка мамлекеттерин Кыргызстандан үлгү алып, согуш жүрүп жаткан аймактардан жарандарын кайтарууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн 16-мартта Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы алынып келинди. Анда балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген алардын Кыргызстандагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылганы айтылган болчу.