АКШ Кыргызстанга 49 миң доза «Pfizer» вакцинасын берди

АКШ Кыргызстанга кошумча 49 миң 140 доза «Pfizer» вакцинасын тапшырды. Бул тууралуу Американын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, вакциналарды жеткирүү COVAX механизми аркылуу уюштурулууда. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат. «Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”, — деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан Кыргыз Республикасына берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.