АКШ Кыргызстанга эски ок-дарыларды жок кылуу үчүн 2 миллион доллар бөлөт

АКШ кыргызстандык жарандар менен аскер кызматкерлерине коркунуч туудурган эскирген ок-дары жана жардыргыч заттарды коопсуз утилизациялоо үчүн 2 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, акча Кыргызстандын Чек ара кызматы, ЕККУ жана ITF (гуманитардык коммерциялык эмес уюм) менен биргеликте 2023-жылы бөлүнөт.