АКШ пландаган визалык чектөөнүн себеби эмнеде? Видео

АКШ пландаган визалык чектөөнүн себеби эмнеде? Мындай суроого Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиевдин мекендештерге болгон кайрылуусу аркылуу жооп берди.

Буга чейин АКШ тарабынан бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз жарандарына карата өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымат тараткан болчу.