АКШда жол кырсыгынан 38 жаштагы Кыргыз жараны каза болду

Америка Кошмо Штаттарынын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1986-жылы туулган Б.С. аттуу Кыргыз жараны алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралат. Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги кабыл алуучу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле каза болгон жарандын жакындары менен байланышта болуп, аларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.