АКШда катуу бороон катталган штатта 100дөй Кыргыз жараны жашайт

Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда АКШнын Флорида штатында болгон “Милтон” аттуу күчтүү бороондон жабыр тарткан Кыргыз жарандары катталбагандыгын маалымдайт.

3-категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 миллион тургунду электр жарыгысыз калтырды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.

Маалыматтар боюнча Флорида штатында жашаган Кыргыз жарандарынын саны 100гө жакын адамды түзөт. Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн КР жарандары жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.

АКШда жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн элчиликтин төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу кайрыла алышат: +1 202 256 2924; +1 312 929 34 42.