Америкада туруктуу жашаган 45 жана 47 жаштагы кыргызстандык жубайлар 5 жаштагы уулу менен белгисиз жагдайда киши колдуу болгонун «Азаттык» жазды.
Маалыматка караганда, бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Үй-бүлө АКШга 15 жыл мурун барып, соңку жылдары Чикагого чукул Орора шаарында жашап жаткан.
«Азаттыкка» маркумдун бир тууган иниси ырастап, алардын киши колдуу болгонун бир нече күн мурун укканын билдирген. «Абам менен жеңем АКШга 2011-жылы барышкан болчу. Өздөрүнүн үйү бар. Биз алардын киши колдуу болгонун бир нече күн мурун уктук. Азыр тергөө жүрүп жатат. Мен өзүм Бишкекте турам. Бизге Кыргызстандын АКШдагы элчилиги, консулдугу жардам көрсөтүп жатат», — деген ал.
Жубайлардын социалдык тармактагы баракчасында алар логистикалык компанияны иштеткени жазылган.
Кыргызстандын Чикагодогу консулдугу кыргызстандыктар киши колдуу болгонун ырастап, бул факты боюнча АКШнын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.
Чикагодогу «Кыргыз биримдиги» клубунун башчысы Умар Жусупбеков үчөөнүн жансыз денеси үч башка жерде табылганын билдирген. «Бизге маалым болгону күйөөсүн, аялын, баласын өзүнчө өлтүрүшүптүр. Үчөөнүн сөөгү үч жерде табылыптыр. Бала үйдө, ата-энесинин сөөгү башка жерде табылыптыр. Биз азыр акча чогултуу үчүн жарыя жазып жатабыз. Алардын сөөгүн Кыргызстанга жиберүү иштерин баштайбыз. Туугандарына жардам керек экен», — деген ал.
Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча үн ката элек.