АКШда мыйзамсыз мигранттар үчүн айланасы аллигаторлор менен курчалган түрмө салуу сунушталды

Флорида штатынын башкы прокурору Жеймс Утмайер мигранттар үчүн аллигаторлор жана питондор менен курчалган түрмө түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу CBS News жазды.

Утмейер Эверглейдс аймагында «Аллигатор Алькатраз» деп аталган мыйзамсыз мигранттар үчүн убактылуу кармоочу жай курууну сунуштады. Белгиленгендей, учурда сунушталып жаткан жерде питондор жана аллигаторлор курчалган эски учуучу тилке бар.

«Бул жерде убактылуу кармоочу жайды арзан баада курса болот. Эгер алар качууга аракет кылышса, бул жерде аллигаторлор менен питондордон башка эч нерсе жок. Качканга жана жашына турганга жер жок», — деди ал.