АКШда өспүрүмдөр кыргызстандыкты сабап, унаасын талкалап кетишкени маалымдалды

АКШда велосипед тепкен өспүрүмдөр кыргызстандыкка кол салып, тоноп кетишкен. Окуя 2-августта Лос-Анжелестин борборунда болгон.

ЖМКлар жазгандай кыргызстандык документсиз жана капчыксыз калган. Ошондой эле, анын бутун сындырышкан. Велосипед тепкен 40тай өспүрүм кыргызстандык унаада отурганда ага барышкан. Бирөөсү унаага бөтөлкө ыргыткан. Кыргызстандык унаадан түшүп, эмне болгонун көрөйүн деген. Ошол учурда өспүрүмдөр топтошуп, аны сабап башташкан. Андан соң, унаасына киришип, андагы документтердин баарын уурдап кетишкен. Кимдир-бирөөсү бир нече күндөн кийин насыя картасы менен колдонгон.

Кыргызстандыктын айтымында, анын унаасы жараксыз абалга келип калган. «Унаам жапжаңы бойдон болчу. 6 ай мурун эле сатып алгам. Унаама чыгып, секирип жатышты»,- деди ал.

Кол салуу окуяга күбө Жанет Гарсиа кийлигишкенге чейин уланган. Ал башка унаада болгон. «Мен кишини издеп чогулган топко кирдим. Көрөр замат көтөрдүм да, алып чыгып кеттим. 30дай өспүрүм мага каршы турду»,- деген күбө. 

Кыргызстандык эгер Гарсия кийлигишпегенде жарааттар мындан да оор болмок деп эсептейт. «Кимдир бирөө мени топтон алып чыкты. Ал менин өмүрүмдү сактап калды», — деди ал. Лос-Анжелестин полициясы азырынча эч кимди кармай элек.

Окуя боюнча ТИМге кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.