АКШнын элчиси Дональд Лунун Матраимовго байланыштуу пикирин колдогондор пикетке чыкты

Бүгүн, 11-декабрда АКШнын элчиси Дональд Лунун Матраимовго байланыштуу пикирин колдогондор пикетке чыкты. Алар АКШнын элчилигинин алдына “Дональд Лу, биз сизди колдойбуз”, “Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” деген плакаттарды көтөрүп алып чыгышкан.

Чогулгандар элчинин быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу пикирин туура деп эсептей турганын айтышты.

Эске салсак, 5-декабрда Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ага жооп кайтарып, “ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар” деп сындаган.