АКШнын Кыргызстандагы элчиси Кыргызстанды кыдырганын жазды

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери дипломатиялык өкүлчүлүктүн баракчасына Кыргызстанга жасаган саякаты тууралуу билдирүү калтырып, сүрөттөрү менен бөлүшкөн.

“Мен үй-бүлөм менен өлкөнү кыдырып, убакытты сонун өткөрдүм! Биз тарыхый Таш-Рабатка, Соң-Көлгө чейин бардык, боз үй тигүүнү үйрөндүк, каньон аралап, жашыл өрөөндөрдөн ырахат алдык. Кыргызстандын жаратылышы укмуштуудай, көз жоосун алат!” — деп жазды элчи.