АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги Бишкектин абасын жакшыртуу долбоорун иштеп чыгат

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкектин экологиясын жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча атайын долбоор иштеп чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен маалымдашты.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолугушууда Бишкектеги ыш маселесин көтөргөнү айтылат. Бирок азырынча чоо-жайы айтыла элек. 2022-жылдын декабрь айында Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөлүк абанын сапаты рейтингинде бир нече жолу алдыга чыккан.