АКШнын жаңы президенти Трамп эмес, Байден болобу? Атаандаш алдыда…

АКШдагы президенттик шайлоодо добуш берүү аягына чыкты. Учурда добуштар толугу менен саналып бүтө элегине карабастан, президенттикке ат салышып жаткан эки талапкер тең өздөрүн жеңүүчү аташты. 4-ноябрь Бишкек сааты боюнча 16:30дагы маалыматка ылайык, аз гана добуштагы айырмачылык менен Демократиялык партиянын кандидаты Жо Байден алдыда келе жатат. Тактап айтканда, учурдагы жыйынтыкка ылайык Байден тандоочунун 220, ал эми учурдагы президент Дональд Трамп тандоочунун 213 добушуна ээ болду. Ал эми жеңиш үчүн тандоочунун кеминде 270 добушун алуу керек болот.

Учурда 10 штат жыйынтыкты жарыялай элек. Алардын добушу 101 тандоочунун добушуна барабар.
Бул убакытта Трамп “Америкалыктардын колдоосуна ыраазычылык билдирем. Көптөр силердин жеңишти тартып алуунун аракетинде турат. Биз үй-бүлөбүз менен чоң майрамга даярданып жатабыз” десе, Байден “Добуш саноо адаттагыдан узакка созула турганын билгенбиз. Ар бир шайлоочунун добушу саналып бүткөнчө күтүп турушубуз керек. Жакшы жаңылык болорун сезип жатабыз” деген.

Шайлоону өзгөчөлүгү – бул пандемиядан улам жарандардын көбү почта аркылуу добуш беришти. Ошондон улам да жыйынтыкты болжолдоп билүү ого бетер кыйындады. Почта аркылуу 102 миллион жаран добуш берген, бул шайлоого катышкандардын саны боюнча рекорддук көрсөткүчү болуп калышы ыктымал. 2016-жылы Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп ат салышкан шайлоодо 136,6 миллион киши добуш берген. АКШда жалпы 239 миллиондой адам добуш берүү укугуна ээ. Шайлоодо утуп чыгууга талапкер кеминде тандоочунун 270 добушуна ээ болушу керек.

Жо Байден ким? 78 жаштын суусун ичип жаткан Демократиялык партиясынын фаворити Барак Обаманын тушунда вице-президент болуп турган. Партия аны тажрыйбалуу болгону үчүн, ошондой эле Трамп кадыр-баркына салып, басынтып коё албай турганы үчүн тандап алган. Шайлоо кампаниясы учурунда Жо Байден “Уйкучу Жо” деп атыгып кеткен. Аны мындай атка атаандашы Дональд Трамп кондурган. Социалдык тармактарда маек учурунда уйкусурап отургандай бир канча роликтер жайылып кеткени менен анын баары атайын жасалганы маалым болгон. Анан да калпыс айтып алып, талкуунун тепкисинде калып турганы үчүн “Байдендин тили – анын душманы” деп да коюшат. Шайлоонун алдында Жо Байден Орусияны “америкалык коопсуздук үчүн башкы коркунуч” деп атаган, ал эми Кытайды атаандаш деген. Эгерде шайлоодо утуп чыкса, тышкы саясат анын башкы приоритеттеринин бири болот дешет.

Жо Байдендин үй-бүлөсүнө байланыштуу сөздөр да көп кеп болот. 1972-жылы анын жубайы менен кызы авто кырсыкта көз жумган. 2015-жылы келечектен көптү үмүттөндүргөн улуу баласы оорудан каза тапкан. Кичүү уулу көп жылдар бою алкоголдук ичимдиктердин жана баңги заттарынын чеңгелинен чыга албай жүргөн.

Экинчи мөөнөткө ат салышкан Дональд Трампка келсек, анын биринчи эле мөөнөтү бир эмес, бир канча президенттерге жете тургандай ызы-чуулары көп адам. Аны көпкө чейин унутууга мүмкүн эмеси чын жана тарых китептеринен чоң орун алары бышык. 74 жаштагы Трамп АКШнын тарыхындагы импичмент жарыяланган үчүнчү президент. Добуштардын теңме-тең болуп калганы гана абалды куткарып кеткен. Коронавирус илдетинин АКШда кенен кулач жайып алышына Трамптын саясаты күнөөлүү дешет. Эгерде Трамп шайланбай калса, анда ал 1992-жылдан бери биринчи жолу экинчи мөөнөткө шайланбай калган президент болот.