«Наам алсам, иштебей коем». Камчыбек Ташиев Кыргыз эл баатыры наамынан баш тартты

Бүгүн, 31-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн бири Аксы районунун эли Камчыбек Ташиевге Кыргыз Республикасынын эл баатыры деген наам берүү боюнча кол чогултуп жатканын айтты.

«Муну Ала-Бука эли дагы, башкалар дагы колдойт деп ойлойм», — деди ал.

Ал Үңкүр-Тоону кайтарып бергени жана коррупциялык иштер менен күрөшүп жатканы  үчүн Аксы райондук Ардагерлер кеңешинин атынан Камчыбек Ташиевге ыраазычылык кат тапшырды.

«Мен бул наамга азырынча татыктуу эмесмин. Наам берип койсоңор, иштебей коюшум мүмкүн», -деди Ташиев.