Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Боспиек айылындагы “Шейит мазарында” 2002-жылы болгон кайгылуу окуяда курман болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева, Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков, ошондой эле маркумдардын жакындары жана окуяда жабыркаган жарандар катышты. Эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев Аксы окуясы өлкө тарыхындагы маанилүү бурулуштардын бири катары бааланарын белгиледи. Анын айтымында, бул окуя мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө элдин биримдиги, тынчтык жана мыйзамдуулук сыяктуу баалуулуктардын маанисин көрсөткөн. Ошондой эле ал каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду. 2002-жылдын 16-17-март күндөрү Аксы районунда болгон коогалаңда 6 жаран каза болуп, 28 адам ар кандай жаракат алган. Быйыл ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан каза болгон жарандардын жакындарына жана окуяда жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.