Аксыда 1500 окуучу Манас айтты (видео)

Аксы районунун борбордук стадионунда “Урааным Манас” аталышындагы Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында окуучулар Манас айтышты.

Иш-чарага Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков, райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жалпы жамааты менен, райондун аймагындагы шайыр апалар, маданият кызматкерлер катышып, иш-чара жогорку деңгээлге уюштурулуп өткөрүлдү.