Аксыда 7-класстын окуучусу көз жарды

Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагындагы Жеңижок атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу төрөдү. Бул маалыматты Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу тастыктады.

«Окуучу кыз таңкы саат 04:00дө ооруканага келип төрөгөн. Ал мектебиндеги эң алдыңкы окуучулардын бири болгон. Буга чейин сабактарга калбай келип, ар кандай маданий иш-чараларга катышып жүргөн. Бул боюнча азыр тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат», — дейт Эмилбек уулу.

Ошондой эле аталган айылдын айыл өкмөтү Дөөлөт Миңбаев дагы маалыматты ырастап, кыздын атасы намаз окуган ыймандуу киши экенин айтып, үй-бүлөнүн буга чейин эч кандай ызы-чуусун укпаганын айтты.