Аксыда жаңы үйлөнгөн жубайлар трактордун жүктөгүчүнө түшүп көчө кыдырышты (видео)

Кыргызстандын социалдык тармактарына жаңы үйлөнүп жаткандардын трактордун жүктөгүчүнө түшүп алып айылдын көчөлөрүн кыдырып жүргөн видеосу тарады. Өзгөчө кортеждин видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигининин Телеграм-каналына жарыяланды.

Видеону тарткан бала Жалал-Абаддын Аксы районунун айылдарынын бирине үлпөт тойго барганын айткан.

«Ак-Жол айыл өкмөтүндө коноктобуз. Көрдүңөрбү? Жаштар азыр айыл техникасы менен эле никесин каттатууга  бара жатышат»,- деген видеонун автору.

Трактордун артынан бир нече автоунаа жана маршрутка коштоп баратканын көрүүгө болот. Ошондой эле  үлпөт тоюнун ыры жаңырып жатат.