Аксыда күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткандар менен байланышта болгондордун саны 41 адамга жетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйдүргүгө шектүү деп ооруканага жаткырылган эки адамдын лабораториялык анализи ооруну аныктады. Бул тууралуу журналисттерге Республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирди.

Анын айтымында, калган бешөөнүн анализдери терс жыйынтыкты көрсөткөн. «Лабораториялык изилдөө дагы эле уланууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, бардыгы дарыланууда. 41 байланыш аныкталды, анын ичинде 14 жашка чейинки он адам, калгандары чоңдор», — деди дарыгер.

Мындан 3 күн мурда Аксыда 7 адам күйдүргүгө кабылган деген шек менен ооруканага түшкөнү маалым болгон. Маалыматтарга караганда, алар союлган малдын ичеги-карындарын тазалашкан.