Аксыда суу кошулган спиртке уулангандар. Бейтаптар сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында 6 адам ууланып каза болсо, дагы 11 адам ооруканада жаткан. Бүгүн, 17-мартка карата бейтаптардын баары ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

«11 бейтаптын 8и үйүнө чыгарылып, 3 бейтап Аксы районундагы аймактык ооруканада дарыланып жаткан. Бүгүнкү күнгө карата бейтаптардын абалы канааттандырарлык болуп үйүнө чыгарылды», — дешти маалымат кызматынан.

4-мартта Кара-Сууда массалык уулануу орун алган. Баш-аягы ооруканага 17 адам кайрылган. Алардын баары 2-мартта майрамдык кечеге барышканын айтышкан. Ал жерден суу аралашкан спирт ичип, беш бармак жешкени белгилүү болгон. Бул факты боюнча милиция Жазык кодексинин 280-беренеси «санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталган.