Актан Рыскелдиев Матраимов менен сүрөткө түшүү үчүн Умрага жолдомо сунушташканын тастыктады

Блогер, актёр Актан Рыскелдиевдин жазышуусу делген сүрөт соцтармактарга тарады. Анда «Райым (ред. Райымбек Матраимов) менен түшкөн сүрөттү соцтармактагы тарыхчага жүктөө үчүн Умра сунушташкан. Мен буга катышпайм» деп жазылган.

Kaktus.media басылмасына окуя боюнча үн катып жатып, Рыскелдиев ага Умрага жолдомо сунушташканын тастыктады. Муфтияттын ачылыш аземине чакыруу алган актёр, блогер Актан Рыскелдиев ачылышка баруудан баш тартканын айткан. «Ооба, мен баш тарткам. Кимдин ким экенин билебиз да. Азыр алар актанып жатышпайбы. Барып, ошол кишини көргөндөн кийин кетип калуу керек болчу. Алдын-ала эмне болорун билгем», — деди ал.

 Рыскелдиев чакыруу боюнча жакын адамдарынын бирине сыр катары бөлүшкөнүн айткан. Бирок бөлүшүлгөн сыр кат коомчулукка тарап кеткени актёрго таң калычтуу болуп жатканын, «Кимге бөлүшсөм, ошол адам коомчулукка чыгарды да. Бул туура эмес. Анын бетине барып айтам» деп билдирген.