Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бирок анын учурдагы абалы оор, учакта алып келүү кооптуу. Дарыгерлер уруксат берсе эле жараныбызды учак менен алып келишет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.
Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда. Ал эми калган эки жараныбыздын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгарылат.
«Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандарыбызга өзгөчө көңүл буруу жөнүндөгү тапшырмасынын аткарылышы боюнча президентке маалымат берүү учурунда билдидирди», — деп жазылат маалыматта.