Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Алим Токторов дайындалды.
Алим Токторов 1968-жылдын 19-июлунда туулган. Жогорку билимдүү, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин автотранспорт бөлүмүн аяктаган. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино жана телекөрсөтүү факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө 4-курстун студенти. 1992-жылдардан тарта Кыргыз телерадио берүү комитетинде кабарчы, редактор, режиссёр, Баткен мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын башкы директору кызматтарын аркалаган.
— 2020-жылы — Баткен облустук медиа борборунун башкы директору кызматтарын аткарган.
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын, 2 уулдун атасы.