Актёр Жолдошбек Жанжигит уулу Бишкек шаардык драма театрынын директору болуп дайындалды

Актёр Жолдошбек Жанжигит уулу Бишкек шаардык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган драма театрынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 6-февралда коллективге тааныштырылган. «Театрдын репертуар саясаты, жаңы спектаклдер, жаш артисттердин эл аралык сынактарга жана долбоорлорго катышуусу, гастролдук иш-чаралары талкууланды. Артисттер театрдын жаңы жетекчисинин катышуусун талап кылган бир катар көйгөйлөрдү белгилешти», — деп айтылат маалыматта.