Актёр Руслан Курманалиев каза болду

Кыргыз театр жана кино өнөрү чоң жоготууга учурады. Актёр Руслан Курманалиев каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кесиптештери билдиришти.

Маалыматка караганда, ал бүгүн, 23-августта үйүндө ток уруп көз жумган.

«Ал сахнада да, экранда да жаратканы менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырган, искусствого болгон чексиз берилгендиги менен кесиптештеринин урмат-сыйына татыган таланттуу актёр эле. Театр менен кино үчүн анын эмгеги эч качан унутулбайт», — деп эскерди Ысык-Көл театрынын эмгек жамааты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги актёрдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.