Актёр Руслан Курманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Актёр Руслан Курманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 25-августта саат 9:00дө өтөт. Маркумду узатуу өз үйүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынан маалымдашты.
Дареги: Бишкек шаары, Ак Ордо конушу, Акыл-Карачач көчөсү, 6-үй.

Актёр Руслан Курманалиев 23-августта каза болду. Ал 53 жашта болчу.