Актер Тилек Жумагазиев жардамга муктаж. Анын операциясына 25 миң доллар керектелүүдө

Токтолболт Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру, аталган театрдын алдындагы окуу жайдын директору Тилек Жумагазиев тез арада боорун алмаштыруу операциясына муктаж. Бул тууралуу анын кесиптештери «SEREP MEDIA» маалымат агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тилек Жумагазиевдин бооруна операция жасатуу үчүн 25 миң доллар керек. Мындан улам актердун кесиптештери, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актерлору 21-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында «Күттүргөн жаз да келер» аттуу чоң программадагы кайрымдуулук концертин өткөрүшөт.

Ошондой эле Таланттуу актердун ден соолугуна кайдыгер карабаган кайрымдуу жарандар төмөндөгү реквизиттер аркылуу көмөк көрсөтсө болот:

Банк счет: 1280190000028741

Элсом: 0555 45 73 96