Саясатчылар менен активисттердин массалык түрдө кармалышы. Аларды колдоо үчүн акча чогултула баштады

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьялары 24-октябрда массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен бир күн мурун кармалган активисттер жана саясатчылардын бөгөт коюу чарасын карады. Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы каралып, алардын 19у 2 айга камакка алынды. Ал эми Талант Эшалиев үй камагына чыгарылган.

Кармалган адамдарды колдоо үчүн каражат чогултула баштады. Бул тууралуу Рита Карасартованын кызы билдирди. Маалыматка караганда, кармалгандардыжана алардын жакындарын колдоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо/ кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү боюнча комитеттин ишмердүүлүгүн улантуу үчүн багытталары айтылды.