Жаңы Баш мыйзамга каршы чыккан активистке «бийликти басып алууга чакырык таштоо» кинеси коюлууда

Активист Тилекмат Кудайбергеновду социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармашканы белгилүү болду. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов Сереп Медиа маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Куренов сурактан чыга элек. «Тилекмат Куренов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын ичинде сурак берип жатат. Жаңы эле адвокаттар жолугуп чыкты. Ага Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн «бийликти басып алууга чакырык кылды» деген кине коюлуп жатыптыр. Бүгүн убактылуу кармоочу жайга камашат экен. Анан 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын тандаса керек», — деди Молдокматов.

Жарандык активист Тилекмат Кудайбергенов өткөн аптада Ак Үйдүн жанында жаңы Баш мыйзамга каршы митинг уюштургандардын бири.