Жарандык активист Улан Үсөйүнгө айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаганы үчүн айып пул салынды

Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаганы үчүн жарандык активист Улан Үсөйүнгө айып пул салынды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Активисттин айтымында, ал унаасын үйүнүн жанына токтотуп койгон. Ошол учурда Патрулдук милициянын инспекторлору Үсөйүнгө келип «сен мас абалыңда унаа айдап жатасың» деп айтышкан.

«Кечээ үйдүн алдынан күтүп туруп бир топ Патрулдук милициянын кызматкерлери алып кеткен. Ичтиңиз деп шылтоо тагышты. Алкоголдук ичимдикке да, баңгизат колдондуңуз деп да текшеришти. Эч нерсе чыккан жок. Натыйжада айдоочулук күбөлүгүмдү издеп таппай калганымда, 500 сом айыпка жыгып, унаамды унаа токтотуучу жайга алып кетишти. Ошол эле учурда алар бардык процессти видеого тартып алышты», — деди Улан Үсөйүн.

Ошондой эле ал билдирирүүсүндө Патрулдук милициянын кызматкерлери аны үйүнүн алдында кармашканы аны ойлондурганын кошумчалаган.