«Акун» пансионаты быйыл эс алуучуларды кабыл алабы? Айдай Турсунбекованын жообу

Акыры биздин «Акун» пансионатыбыздын айланасындагы абалдын баары ачыка чыкты. Бул туралуу «Акун» компаниялар тобуна кирген ишканалардын биринин жетекчиси Айдай Турсунбекова жазды.

«Пансионатты мыйзамдуу түрдө менчиктештирип алганбыз, мамлекеттин балансына кайтарылган жок. Ал жеке менчик болгон жана болуп кала берет. Бизге көптөгөн адамдар кооптонуу менен кат жазып жатышты. Биздин пансионаттын туруктуу коноктору да пансионаттын тагдырына кайдыгер карабай, “быйылкы жылы конокторду кабыл алабы, мындан ары кандай болот?” деп тынчсызданып жатышты. Ооба, биз мурункудай эле иштейбиз жана бардык конокторубузду жылдагыдай эле кубаныч менен тосуп алабыз! Ар тараптуу колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга чоң рахмат! Бул биз үчүн абдан баалуу»,- деп жазды ал.

УКМК 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылганын билдирген. 371 миллион сомго бааланган жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылганы маалымдалган болчу.