«Акун» пансионаты мыйзамдуу менчиктештирилген. Бир жыл мурдагы аткаминердин жообу

«Акун» пансионаты мамлекеттиин балансына кайтарылган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары Медер Машиев өткөн жылдын апрель айында билдирген.

Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин объектти менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча «Акун» пансионатына доомат жок.

Буга удаа эле «Акун» компаниялар тобуна кирген ишканалардын биринин жетекчиси Айдай Турсунбекова соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялаган«Пансионатты мыйзамдуу түрдө менчиктештирип алганбыз, мамлекеттин балансына кайтарылган жок. Ал жеке менчик болгон жана болуп кала берет. Бизге көптөгөн адамдар кооптонуу менен кат жазып жатышты. Ар тараптуу колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга чоң рахмат! Бул биз үчүн абдан баалуу», — деп жазган ал.

Айдай Турсунбекова жогорудагы билдирүүгө чейин «Акун» пансионатын 1999-жылы ата-энеси барып тандап алганын, ал учурда өзү 11 жашта болгонун, андан бери бир топ иштер жасалганын жазып, салыштыруу иретинде сүрөттөрдү да бөлүшкөн. Ошондой эле, ал 1999-жылы тендерге катышуу менен “Чынар” пансионаты белгиленген нарктан жогору баада сатып алынганын билдирген.