Акушер-гинеколог: «Москвада ымыркайын төрөтканага таштап чыга берген кыздар бар»

Москвадагы менчик клиникалардын биринде эмгектенген акушер-гинеколог Маизбүбү Бердибекова мекендештердин саламаттыгы тууралуу айтып берди.

«Москвада ымыркайынан баш тартып, төрөтканага таштап чыга берген кыздар бар. Жыныстык оорулар көбөйдү. Жакында эле балдардан СПИД оорусу аныкталды. Кыздар арасында да аталган илдетти жуктуруп алгандар бар. Жаштар көзөмөлсүз калып жатат. Бул мени аябай өкүндүрөт. Эми ал балдар кайсы жакка кетти? Дарыландыбы же жокпу? Кимден кош бойлуу болуп калганын билбеген кыздарга да жолуктум», — деди ал.