Аквапаркта 3-класстын окуучусунун көз жумушу. №95 мектептин директору иштен кетти

Бишкектеги №95 мектептин директору Айгүл Шимова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, мектептин жетекчиси ооруканадан чыккандан кийин жума күнү, 10-июнда кызматынан бошотулган.

«Окуу процессин үзгүлтүккө учураткан, эмгек тартибин бузган жана окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча билим берүү бөлүмүнүн буйругун аткарбаганы үчүн Айгүл Шимова Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси биздин компетенциябызга кирбейт, аны тергөө иштерин жүргүзгөн укук коргоо органдары карайт», — деди Виктория Мозгачева.

Бүгүн, 12-июнда Билим берүү министрлигинин имаратынын жанында №95 мектептин окуучуларынын ата-энелеринин митинги өттү. Чогулгандар мектептин директору Айгүл Шимованы жоопко тартууну талап кылып, аквапарктын администрациясы да жазага тартылышы керектигин айтышкан.