Аквапаркта баласы чөгүп каза болгон эне: «Врачтар нерв боло берсең психологиялык жактан оорулуу болуп каласың дешти» (видео)

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Асел Азыкова микроинсульт алып, жакында Түркиядан чирип бараткан бутуна операция жасатып келген. Асел айым SUPER.TV каналына маек берип жатып экинчи уулун атасы көрсөтпөй, тирүү баласын кучактай албай куса болуп жүргөнүн билдирди.

Атайдын атасы менен ажырашып кеткенбиз. Ал 5 жашка чыкканда мен экинчи ирет турмушка чыккам. Экинчи балам Алинур менен Атайдын аралыгы 6 жыл. Алинурдун атасы бала бакчасындагы тарбиячыга үйлөнөм деп шашып, ажырашканбыз. Ал мени «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, үйү жок, баланы бага албайт. Менин бизнесим бар» деп сотко кайрылып, баламды алып койгон. Сотко кайрылайын десем, менин мүмкүнчүлүгүм анын мүмкүнчүлүгүнөн бир кыйла төмөн экен. Ошондон бери тирүү баламды кучагыма ала элегиме бир жыл болду. Түркияда операция болуп өзүмө келе албай жатканда социалдык баракчама эки баламдын сүрөттөрүн чыгарып калчумун. Аны көрүп атасы «антип кетем, минтип кетем, баланы чыгарба» деп коркутту.

Баламды жоготкон стресстен кийин наркоз алып операция болгондо Түркиядагы врачтар эмоцияга алдырып, нерв болбошум керектигин айтышты. Эмесе психологиялык ооруга кабылышың мүмкүн дешти. Ошондон кийин экинчи уулумду мага көрсөтүшпөсө да тирүү болсо болду деп калдым. Атай жок деле жашап жатпаймбы.

26-май тирүү баламды, Алинурумду кучактап, туулган күнүң менен деп куттуктай алган жокмун. Ал эми 12-июль өлгөн баламдын туулган күнүн дагы жалгыз өткөрдүм. Бирок мен ишенем, Алинур балам жакшы адам болуп чоңоёт. 40 жашында келип «апа, мен келдим» десе деле кубанам», — дейт уулдарынан айрылган эне