Аквапаркта чөгүп каза болгон Атайдын апасынын бутуна Түркияда операция жасалды

6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Акылбек кызы Асел SuperTV каналына маек учурунда уулун жалгыз өстүргөнүн, өзүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени тууралуу айткан. 2-июль күнү Асел айым Түркияда бутуна операция жасатып, протез салдырды.

«Төрөтканада дарыгерлердин шалаакылыгынан менин бутум чыгып калып, ошондон бир бутум жабыркап калган. Кийинчерээк бутума протез салып, ошону менен жүрчүмүн. Уулум аквапаркка чөгүп каза болгондо барып, туура эмес кыймылдап алып бутумду кайрып алгам. Ошону менен бутум ооруп жүргөн. Буюрса, Түркияга келип, жабыркаган бутума операция жасатып, жаңы протез салдырдым. Бул жактагы врачтардын айтымында, биринчи протезимди туура эмес коюшкан экен. Ал ичинен чирип кетиптир. Мен балама жашайм деп сөз бергем. Балам үчүн күчтүү болушум керек», — деген Асел айым.