Аквапаркта көз жумган 3-класстын окуучусу. №95 мектептин директору иштен алынат

«Директорду кызматтан кетирүүгө эркиңиз жетеби?» — деп бүгүн, 10-июнда комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков сурады.

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева директорду кызматтан алуу боюнча комиссиянын чечими бар экенин айтты. «Демек, жумуштан бошотосуз?» деп кайра суроо салган депутатка вице-мэр «ооба» деп жооп берди. 

«Жетекчи катары сиз уюштурууну билген эмесмин, көргөн жокмун деп айтып жатасыз. Анда сиз иштебей жатасыз деп ойлойм. Алар бир баладан 750 сомдон чогултушкан. Бул чоң сумма. Бул күнү 250 сомдон арзандатуулар болгон. Калган акчаны, балким бөлүп алдыңар? Билбесеңиз иштебей жатасыз. Сиздин иштөөгө моралдык укугуңуз жок”, — деди депутат Элизавета Алымбаева.