Акыйкатчы Абдрахматова: «Мага «кресло» эмес, элдин батасы керек»

«Эми кечиргиле, ушундай жаман киши экенмин. Иштегиле деп талап коюп, иштебесеңер премия, кошумча акчаңарды кесиптирмин. Чынында айткам, бирок кескен жокмун, тескери айлыкты чоңойтконго чуркап жүрөм». Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абрахматова соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Адам укугун күнү-түнү коргоп иштегиле деп урушуптурмун. 13 миң катталуучума карабай, постторума “лайк” бастыртат экем. Мени каралоо кампаниясы эмнеге болуп жатканын түшүнөм, бул жагы болбой калса, коркутуулар же ачык «подставалар» башталат. Эмнеге экенин көпчүлүк да бир күнү түшүнөт. Бир гана суроо — эл чоң ишенимин арткан депутаттар бул “ишке” эмнеге аралашып алышты? Бардык кызыкдар тараптарга айткым келет, кашыктап чогултуп жаткан Акыйкатчынын, мекенибиздин эл аралык аброюн, ички интригалар үчүн цистерна кылып төкпөгүлө.

“Кресло” мага кызык эмес экенин баарыңар билесиңер, мага элдин батасы керек, калыптанган коррупциялык, пахтакорлук, кошоматчылык системаны бузгум келет. Мамлекетим күчтүү болуп дүйнө жүзүндө тең атаандаш болгонго салым кошкум келет — бул менин кыялым. Жыйынтык катары: жеке мен дайым көз карандысыз болгом, Акыйкатчы катары да көз карандысыз боло берем, эч бир саясий группадан же мамлекеттик органдан көз карандысыз болушум — мыйзамдын, эл аралык макамдын талабы», — деп жазды ал.