Акыйкатчы: «Ала-Букадагы ооруканада бейтаптардан мыйзамсыз акча каражаты алынат»

иллюстрация

Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын Акыйкатчысы тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоору өз ишин улантып жатат. Жолугушууда жергиликтүү калк райондук ооруканада маалымкат бергени, рецепт жазганы жана текшерүүгө жолдомо бергени үчүн бейтаптардан акча алынарын айткан.

«Түшкөн маалыматтын чын бышыгын билүү үчүн Акыйкатчы өкүлдөрү аталган ооруканага мониторинг жүргүзүштү. Бейтаптардан акча алуу фактылары тастыкталды. Мындан сырткары, белгилүү болгондой бейтаптарды ооруканадан чыгарууда кайсы бир фондго деп 50 сомдон 100 сомго чейин акча каражаты алынат. Оорукананын персоналы белгилегендей, бул каражат имараттын майда оңдоп-түзөө жумуштарына, кагаз алууга жана башкаларга жумшалат. Мындай чогултууларды дарыгерлер бюджеттен жетишсиз каржылангандык менен түшүндүрүшөт. Мында оорукананын айрым бөлүмдөрүндө антисанитария байкалат, душ бөлмөлөрү белгиленген талаптарга жооп бербейт, мамлекеттик кепилдиктер программасы тууралуу  маалыматтар жок», — деп айтылат маалыматта.

Орун алган кемчиликтерди жоюу жана тиешелүү тартипке салуу максатында Акыйкатчы аппараты тарабынан республиканын тиешелүү органдарына көңүл буруу актысы жөнөтүлөт.