Акыйкатчы «Ош базарга» 11 миңдей сом менен барып, бирок алып жүргөн азык-түлүгүнүн баарына жетпей калган

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Ош базарга» 11 миңдей сом менен барып, алып жүргөн азык-түлүгүнүн баарына жетпей калганын айтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Акыйкатчынын айтымында, үй-бүлөсү 4 кишиден турат. «Ош базарга» 10 миң 700 сом менен барып, 10 литр өсүмдүк майы, сыр, каймак май, тооктун эти, 3 банка кофе, идиш жуучу каражат алганын жазды. Андан тышкары, шекер, күрүч, гречка, макарон, жумуртка, айна ала албай калганын кошумчалаган. Ал эми балдарына таттуу жөнүндө кеп да жоктугун ыйламсыраган быйтыкча менен кошо билдирген.