Акыйкатчы Финляндиядагы абакка барып, шарты менен таанышты. Абактын сүрөттөрү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Финляндиянын укук үстөмдүгү борборунда өткөн эл аралык семинарга катышты.

Хельсинкиде өткөн семинарда Борбор Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчылары адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында тажрыйба алмашышты.

Ошондой эле, тараптар Борбор Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчылар арасындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн макулдашты. Жамиля Жаманбаева семинар учурунда сөз сүйлөп жатып, бул платформа адам укуктары жана эркиндиктери маселелери боюнча Борбордук Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчыларынын ортосундагы өз ара көз караштар менен тажрыйба алмашууда эң жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Андан сырткары, Борбор Азиянын Акыйкатчылары Хельсинкидеги абакка барып, соттолгондорду кармоо шарттары менен таанышып чыгышты. Белгилей кетсек, бул абак дээрлик бир кылым мурда курулган.