Акыйкатчы институту: «Тергөө абагында 20дан ашуун адам ачкачылык жарыялап жатат»

Акыйкатчы Институту жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарда камакка алынгандардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу чыгып жаткан маалыматтарга байланыштуу Бишкектеги тергөө абагындагы абалга мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

23-декабрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кайрадан тергөө абагына барышкан. Мониторинг учурунда, кармалгандар менен баарлашышкан. Алардын айтымында, 20-декабрдан тарта жыйырмадан ашуун кармалгандар ачкачылык жарыялап жатат.

«Мындай ачкачылык жарыялоо менен алар, күч колдонууну токтотууну жана адвокаттар менен тоскоолдуксуз жолугушууну камсыз кылууну талап кылышууда. Кармалгандардын айрымдарынын дене-боюн карап чыкты. Алардын ичинен экөө Акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун тастыкташты. Алардын айтымында, союл менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери-шишиктер жана гематомалар бар экени аныкталган. Жабырлануучулар криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү»,- деп айтылат маалыматта.

Алардын айтымында, аларга медициналык жардам да көрсөтүлгөн эмес.

Ошондой эле, мониторингдин жүрүшүндө мекеменин жетекчилиги тарабынан 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу графиги өзгөртүлгөн, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелинет.

Мындан тышкары, тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата күч колдонгону боюнча бардык чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин институттун кызматкерлери 20-21-декабрда тергөө абагына мониторинг жүргүзүшкөн. Мониторинг учурунда, институттун кызматкерлери Темирлан Султанбеков жана анын камералаштары менен баарлашкан.

Акыйкатчы камакка алынгандардын арыздарын жеке көзөмөлүнө алды.