Акыйкатчы журналисттин кармалышы боюнча: «Адамгерчиликсиз мамиле деп баалайм»

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова журналист Санрабия Сатыбалдиевага жолукканын соцтармактагы баракчасына жазды.

«Ага дарыгерлер «бойдон түшүү мүмкүн» деп диагноз коюшуптур. Түнү тергөөчү ар кайсы жакка алып жүрө берген. Бул адамгерчиликсиз мамиле деп баалайм. Прокуратура кызматкерлерин чакырдым. Тез жардам чакырдым, алар бул келин “ооруканага жаткырылган, эмнеге кайра ИВСте камалып отурат” деп таң калууда», — деп жазылат билдирүүдө.