Акыйкатчы кызматына дагы 3 талапкер көрсөтүлдү. Алар кимдер?

Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясы Акыйкатчы кызматына Турсунбек Акундун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Ыйман нуру” фракциясы Атыр Абдрахматованын, Бакыт Узенбаевдин жана Мамат Момуновдун талапкерлигин сунуштады. Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт Кыргызстан” жана “Ишеним” фракциялары да Акыйкатчы институтунун жетекчилигине Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөткөн.